Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Бишкек шаарында иш алып барган, портативдүү кубаттагычтарды (powerbank) ижарага берүү боюнча ири IT-кызматты көрсөтүүчү жана 150 миңден ашуун колдонуучусу бар «Твой заряд» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Бишкек шаарында иш алып барган, портативдүү кубаттагычтарды (powerbank) ижарага берүү боюнча ири IT-кызматты көрсөтүүчү жана 150 миңден ашуун колдонуучусу бар «Твой заряд» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Бишкек шаарында иш алып барган, портативдүү кубаттагычтарды (powerbank) ижарага берүү боюнча ири IT-кызматты көрсөтүүчү жана 150 миңден ашуун колдонуучусу бар «Твой заряд» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.


Компания 2022-жылдан тартып колдонуу мөөнөтү бүткөн тиричилик батарейкаларын чогултуу боюнча экологиялык демилгени ишке ашырып келет. Учурда Бишкек шаарында санариптештирилген жана иштеп жаткан инфраструктурасы бар, эл көп чогулган жайларда – кафе, ресторандарда, соода жана бизнес борборлорунда, билим берүү мекемелеринде жана башка коомдук жайларда жайгашкан 850дөн ашуун батарейка чогултуу түйүндөрү иш алып барууда.


Министрлик жашыл долбоорлорду ишке ашырып жаткан компанияларды колдой турганын белгилеп, колдонуу мөөнөтү бүткөн батарейкалар сыяктуу кооптуу калдыктарды чогултууну уюштуруу жана аларды экологиялык жактан коопсуз ыкма менен утилдештирүү үчүн өлкө аймагынан тышкары жерге чыгаруу маселелери боюнча өз ара пайдалуу кызматташууга жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.


Жетишилген макулдашуунун алкагында аталган жашыл долбоорду өлкөнүн бардык аймагына жайылтуу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана мамлекеттик телерадиокомпаниялар аркылуу кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен коомдун экологиялык маданиятын жогорулатуу максатында тараптардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө биргелешкен меморандумга кол коюу пландалууда.