Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинде натыйжалуу коммуникациялар аркылуу башкаруунун жаңы ыкмалары киргизилди

Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинде натыйжалуу коммуникациялар аркылуу башкаруунун жаңы ыкмалары киргизилди
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде «Айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү тармагындагы натыйжалуу ишкердик коммуникация» темасында инновациялык тренинг өткөрүлдү.


Иш-чараны министрдин орун басары А. Турсуниязов ачып, азыркы шартта экологиялык башкаруу терең илимий билимдерди гана эмес, ошондой эле ведомствонун “бирдиктүү үнүн” калыптандыруу жөндөмүн талап кыларын белгиледи.


Жаратылыш министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан, ОНУВ өнөктөштүгүнүн жана ЮНИТАРдын колдоосу менен уюштурулган тренингге министрликтин борбордук аппаратынын негизги түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.


Окутуунун алкагында стратегиялык жана кризистик коммуникациялар, репутациялык менеджмент жана медиа-пландоо боюнча окутуучу Света Байтикова ишкердик коммуникацияны жөн гана маалымат алмашуу эмес, мамлекеттик бирдиктүү нарративди калыптандыруучу стратегиялык процесс катары түшүндүрдү. Негизги басым системалык тоскоолдуктарды жоюуга жасалды: катышуучулар тапшырмаларды департаменттер аралык өткөрүүдө бурмалоолорго жол бербестен, так жана түшүнүктүү жеткирүүнү үйрөнүштү.


Программанын негизги багыттары:


Эко-менеджменттеги муундар теориясы: катышуучулар кадрдык потенциалды натыйжалуу башкарууну жана билимдин үзгүлтүксүздүгүн  камсыз кылууну үйрөнүштү. Экологиялык милдеттерди ар кандай муундардын X, Y, Z баалуулуктарына ылайыкташтырууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул жаштарды жаратылышты коргоо тармагына тартуу жана тажрыйбалуу адистердин билимин сактоо үчүн маанилүү.


ВАКД инструменттери (кабыл алуу типтери): жетекчилер кызматкерлердин визуалдык, аудиалдык жана дискреттик кабыл алуусун эске алуу менен тапшырма берүүнүн ыкмаларын өздөштүрүштү. Бул ыкма бөлүмдөр ичиндеги «түшүнбөстүктөрдү» азайтып, мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун ылдамдыгына түздөн-түз таасир этери белгиленди.


Синхрондоштуруу жана бирдиктүү нарратив: практикалык сессияларда министрликтеги ички тартип менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн сапатынын байланышы каралды. Катышуучулар климат, биотүрдүүлүк жана айлана-чөйрөнүн булганышы сыяктуу татаал темаларды коомчулукка жана эл аралык өнөктөштөргө бирдиктүү стратегиялык позиция катары жеткирүүнү машыгышты.


Окутуунун жүрүшүндө заманбап ыкмалар талданып гана тим болбостон, ички коммуникацияларды жакшыртуунун негиздери түзүлдү. Чыныгы кейстердин (мисалы, ыш жана мөңгүлөрдүн эриши боюнча) негизинде өткөрүлгөн практикалык тапшырмалар жетекчилерге конструктивдүү диалог жүргүзүүнүн алгоритмдерин иштеп чыгууга жардам берди.


Мындай иш-чараларды өткөрүү министрликтин институционалдык потенциалын чыңдап, коммуникацияны көмөкчү процесс эмес, мамлекеттик экологиялык саясатты ишке ашыруунун натыйжалуу куралына айлантат.