Жаратылыш ресурстары министрлигинде ишембилик өттү. Бул жумада министрликтин ведомстволук, түзүмдүк уюмдары жана регионалдык башкармалыктары ишембиликке активдүү катышышты
12-апрель 2025, 13:05
Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары министрлигинде ишембилик өттү. Бул жумада министрликтин ведомстволук, түзүмдүк уюмдары жана регионалдык башкармалыктары ишембиликке активдүү катышышты.
Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти жана баардык регионалдык башкармалыктар жарыяланган эки айлык иш-чарага жигердүү катышууда.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүүдө.
Бардык жарандарды айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого жана кам көрүүгө чакырабыз!