Жаратылыш ресурстары министрлигинде 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды
12-февраль 2026, 15:12
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинде 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды
2026-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Д. Амангелдиев, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Г. Бектурова, министр М. Машиев, министрдин биринчи орун басары Б. Джусупбеков, жана министрдин орун басарлары А. Мусаев , М.Жусупбеков , министрликтин борбордук аппараттынын кызматкерлери жана регионалдык башкармалыктардын , жаратылыш коруктарынын ошондой эле Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык жетекчилери катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө 2025-жылдагы жетишкендиктер талданып, 2026-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер аныкталды.
Тоо-кен тармагындагы жыйынтыктар
Акыркы беш жылда жер казынасын пайдалануу тармагында системалуу реформалар жүргүзүлүп, мамлекеттик көзөмөл күчөтүлдү. 2024–2025-жылдары 8 ири долбоор ишке киргизилип, 2025-жылы 105 лицензия мамлекеттик ишканаларга берилди. Лицензиялык талаптарды бузган 320 лицензия жокко чыгарылды. Бүгүнкү күндө 2014 лицензия күчүндө.
Акыркы 5 жылда тармактан бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык каражат түшүп, өсүү 3,5 эсени түздү. 2025-жылы 65,4 млрд сом түшүп, рекорддук көрсөткүч камсыздалды. Бул жылы 40 аукцион өткөрүлүп, 105,6 млн сом түшкөн. 5 жыл ичинде 141 тонна алтын өндүрүлдү.
«Кумтөр» – стратегиялык объект
2021-жылдан бери мамлекеттик көзөмөлдөгү «Кумтөр» кенинен 5 жылда 100,6 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн. 2025-жылы таза пайдасы 706 млн АКШ долларын түздү. Жалпы 70 тонна алтын өндүрүлүп, запастар көбөйтүлдү.
Экология жана климат
Абанын сапатын жакшыртуу максатында ведомстволор аралык комиссия иш алып барып, Бишкек жана Чүйдө сапатсыз көмүргө чектөө киргизилди. Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 50 млн АКШ долларын түзгөн жана Эл аралык кызматташтыктын алкагында KOICA тарабынан 10 млн АКШ долларлык “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоору жигердүү ишке ашырылууда.
2025-жылы Экологиялык коопсуздук жана Көмүртек нейтралдуулугу боюнча концепциялар бекитилип, эл аралык кызматташтык кеңейтилди. Тоо-кен тармагына 1 млрд АКШ долларынан ашык инвестиция тартылды.
Көзөмөл жана биотүрдүүлүк
2025-жылы 5 749 мыйзам бузуу аныкталып, 143,2 млн сом зыян өндүрүлдү. “Экооператор” мамлекеттик ишканасы түзүлүп, 74 млн сом утилизациялык төлөм чогултулду.
“Жашыл мурас” алкагында 8,2 млн көчөт отургузулуп, “Ак Илбирс” экологиялык коридору түзүлдү. Өлкөдө ак илбирстин саны 500дөн ашты.
Ысык-Көл жана өзгөчө корголуучу аймактар
Ысык-Көлдө 99 рейд өткөрүлүп, мыйзамсыз торлор жок кылынды. Пластик буюмдарына чектөө киргизилди. Өзгөчө корголуучу аймактарга 271 миң турист келип, 37,7 млн сом киреше түшкөн.
Материалдык-техникалык база
Министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында административдик имараттардын курулушу башталып, 38 кызматтык автоунаа, заманбап лабораториялык жабдуулар, дрондор, фотокапкандар жана талаа жабдуулары сатылып алынды.
2026-жылга милдеттер
Коллегиянын жыйынтыгында геологиялык изилдөөлөрдү кеңейтүү, экологиялык көзөмөлдү күчөтүү, санариптештирүүнү тереңдетүү жана климаттык саясатты ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди.
Министрлик 2026-жылы да жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу багытындагы иштерди улантат.