Жаратылыш ресурстары министрлигинде бенефициардык менчик порталына баа берүү боюнча эки күндүк техникалык семинар өттү
27-февраль 2026, 11:35
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде «Бенефициардык менчик порталына баа берүү: ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талдоо, техникалык баалоо жана Кыргыз Республикасында бенефициардык менчиктин ачыктыгын чыңдоо боюнча стратегиялык сунуштар» темасында эки күндүк техникалык семинар болуп өттү.
Иш-чара бенефициардык менчик ээлери жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруунун колдонуудагы системасын ар тараптуу талдоого жана аны эл аралык стандарттарды жана мыкты тажрыйбаларды эске алуу менен өркүндөтүү боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгууга багытталды.
Семинардын алкагында катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
• ИПДО 2023 Стандартынын талаптарына шайкештигин талдоо;
• порталдын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана андагы маалыматтардын сапатын баалоо;
• системаны түзүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча техникалык сунуштар;
• бенефициардык менчикти ачыкка чыгаруу боюнча эл аралык тажрыйба жана мыкты практикалар.
Процесстерди санариптештирүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү, жеке маалыматтарды коргоо жана жаратылыш ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Комплекстүү ведомстволор аралык мамилени камсыз кылуу максатында семинарга төмөнкү мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү катышты:
• Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
• Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы
• Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы
• Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
• Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (санариптештирүү боюнча ыйгарым укуктуу орган)
• Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
• Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Санариптик саясатты иштеп чыгуу башкармалыгы
• Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги
• Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкер кеңеши.