Жаратылыш ресурстары министрлигинде “Манас” эпосун тармактарга таанытуу” долбоору уюштурулду
20-ноябрь 2026, 15:08
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде “Манас” эпосун тармактарга таанытуу” долбоорунун алкагында маданий-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Улуттук “Манас” академиясынын өкүлдөрү, министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип, “Манас” эпосунун кыргыз элинин тарыхый эс тутумундагы, улуттук аң-сезиминдеги жана руханий дүйнөсүндөгү өзгөчө ордун белгиледи.
Ал өз сөзүндө “Манас” эпосу жөн гана көркөм чыгарма эмес, элибиздин кылымдарды карыткан тарыхын, каада-салтын, дүйнө таанымын жана руханий баалуулуктарын камтыган улуу мурас экенин баса белгиледи. Ошондой эле эпосто адам менен жаратылыштын өз ара тыгыз байланышы, жер-сууга болгон урмат-сый, мекенди жана анын байлыктарын коргоо идеялары кеңири чагылдырылганын айтты.
“Манас” эпосундагы жаратылышка аяр мамиле кылуу, жерди, сууну, тоолорду жана жаныбарлар дүйнөсүн урматтоо түшүнүктөрү бүгүнкү күндө да өз актуалдуулугун жоготпойт. Бул баалуулуктар жаратылыш ресурстарын коргоо жана экологиялык маданиятты калыптандыруу багытындагы иштер менен үндөшүп турат.
Иш-чаранын алкагында “Манас” эпосунун мазмуну, анын улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктары, ошондой эле эпосту ар кандай тармактарга жайылтуунун мааниси тууралуу пикир алмашуулар болду.
Белгилей кетсек, мындай демилгелер улуттук руханий мурастарды даңазалоого, жаш муундардын тарыхка жана маданий баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттырууга, ошондой эле “Манас” эпосунда камтылган мекенчилдик, биримдик жана жаратылышка аяр мамиле кылуу идеяларын кеңири жайылтууга багытталган.