Жаратылыш ресурстары министрлигинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси талкууланды

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси талкууланды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматынын имаратында көмүр казуучу 30дан ашык компаниянын — жер казынасын пайдалануучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме болуп өттү.

Жолугушуунун негизги темасы 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата көмүр казып алуу тармагын даярдоо, анын ичинде көмүр өндүрүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу жана калкты катуу отун менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери болду.

Кеңешменин жүрүшүндө катышуучулар көмүр тармагынын учурдагы абалын, көмүр казып алуунун жана ички рынокто сатуунун көлөмдөрүн, ошондой эле алдыдагы жылытуу мезгилинде калктын керектөөлөрүн камсыз кылуу боюнча ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү өндүрүштүк ишмердүүлүктө, көмүр казып алууда жана сатууда жаралып жаткан көйгөйлөрдү белгилеп, аларды чечүү боюнча сунуштарын билдиришти. Бардык келип түшкөн кайрылуулар жана сунуштар кароого алынды.

Кыргыз геологиялык кызматынын директорунун орун басары Алишер Курманалиев мамлекеттик органдар менен көмүр казуучу ишканалардын ортосундагы конструктивдүү кызматташтыктын, кабыл алынган милдеттенмелерди өз убагында аткаруунун жана өндүрүштүк пландарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле жылытуу мезгилинде республиканын калкына көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн өз убагында чараларды көрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.


Кеңешменин жыйынтыгында келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү, мамлекеттик органдар менен көмүр казуучу ишканалардын иш-аракеттерин координациялоо жана 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде тармактын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүү керектиги белгиленди