Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинде абанын сапатын жакшыртуу долбоору боюнча KOICA делегациясы менен жолугушуу өттү
04-февраль 2026, 10:49
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министр Машиев М.А. жана министрдин орун басары Раимкулова А.К. Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) делегациясы менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Долбоор 2026–2028-жылдары Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жүзөгө ашырылат. Аталган долбоор Корея Республикасынын Өкмөтү тарабынан 10 миллион АКШ долларына чейин кайтарымсыз жардам көрсөтүүнү карайт жана абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга, абанын сапатын башкаруунун комплекстүү планын иштеп чыгууга, ошондой эле мамлекеттик билим берүү мекемелеринде экологиялык жактан таза жылытуу системаларын киргизүүгө багытталган.