Жаратылыш ресурстары министрлигинде электрондук жана электр жабдууларынын калдыктарынын пайда болуу деңгээлин төмөндөтүү боюнча 2027–2029-жылдарга карата иш-чаралар планынын долбоору талкууланды
15-сентябрь 2026, 16:15
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинде электрондук жана электр жабдууларынын калдыктарынын пайда болуу деңгээлин төмөндөтүү боюнча 2027–2029-жылдарга карата иш-чаралар планынын долбоору талкууланды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде электрондук жана электр жабдууларынын калдыктарынын (ОЭЭЖ) Кыргыз Республикасынын аймагында пайда болуу деңгээлин төмөндөтүү боюнча 2027–2029-жылдарга карата иш-чаралар планынын долбоорун талкуулоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу жолугушуу болуп өттү. Долбоор Кыргызстандагы БУУӨПтүн колдоосу менен иштелип чыккан.
Талкууга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман, Кыргызстандагы БУУӨПтүн климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрө жана энергетика боюнча кластеринин/багытынын жетекчиси Лира Жолдубаева, ошондой эле БУУӨПтүн эксперттер тобу катышты.
Долбоорду кароонун жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан тиешелүү сунуштар жана сын-пикирлер айтылды. Атап айтканда, документке мамлекеттик программа же концепция түрүндө концептуалдык бөлүктү киргизүү зарылдыгы белгиленди. Бул Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарында ОЭЭЖ түшүнүгү жана аларды коопсуз жүгүртүүнү, анын ичинде эл аралык ченемдерге жана эрежелерге ылайык импортун жана экспортун камсыз кылуу үчүн мындай калдыктардын бекитилген тизмеси жоктугуна байланыштуу.
ОЭЭЖ кооптуу жана кайра иштетүү татаал болгон калдыктардын түрүнө кирет жана кооптуу калдыктардын жалпы көлөмүнүн болжол менен 30 пайызын түзөт. Ушуга байланыштуу бул калдыктарга өзгөчө мамиле кылуу зарылдыгы белгиленди. Ошол эле учурда өлкөдө ОЭЭЖни кайра иштетүү сектору жана тиешелүү инфраструктура дээрлик жок. Мунун себептеринин бири — мындай калдыктарды кайра иштетүүчүлөр үчүн экономикалык жактан анча жагымдуу эместиги.
Калдыктарды, анын ичинде ОЭЭЖни кайра иштетүү жана утилдештирүү системасын туруктуу өнүктүрүү максатында өлкөдө өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигинин (РОП) механизмдери киргизилген.
Жолугушуунун жыйынтыгында иш-чаралар планынын долбоору министрликтердин жана ведомстволордун корутундуларын, сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.