Жаратылыш ресурстары министрлигинде Кара-Балтада заманбап катуу тиричилик калдыктары полигонун куруу маселеси талкууланды

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинде Кара-Балтада заманбап катуу тиричилик калдыктары полигонун куруу маселеси талкууланды
Жаратылыш ресурстары министрлигинде Кара-Балтада заманбап катуу тиричилик калдыктары полигонун куруу маселеси талкууланды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиевдин катышуусунда министрликте Кара-Балта шаарында жаңы санитардык катуу тиричилик калдыктары (КТК) полигонун куруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өттү.


Жолугушууга жергиликтүү бийлик органдарынын, АРИСтин, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын, Талды-Булак айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышты.


Жалпы баасы 4 миллион АКШ долларын түзгөн бул долбоор Жапониянын (JFJCM) гранттык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында заманбап экологиялык жана санитардык стандарттарга жооп берген, «Фукуока» технологиясынын негизинде пилоттук полигон куруу каралган.


Жолугушуунун жүрүшүндө жер тилкесин тандоо, муниципалитеттер аралык кызматташуунун механизмдери жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарды сактоо маселелери талкууланды. Жаратылыш ресурстары министрлиги долбоорду ишке ашырууну координациялоого жана аны ишке ашыруу процессин коштоп турууга даяр экендигин ырастады.


«Кара-Балта шаары заманбап жана коопсуз полигонго муктаж. Бул шаар менен ага чектеш айылдардын тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана экологиялык кырдаалды оңдоо багытындагы маанилүү кадам болуп саналат», — деп белгиледи министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев.