Жаратылыш ресурстары министрлигинде Геологдордун кесиптик майрамы белгиленди

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинде Геологдордун кесиптик майрамы белгиленди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинде Кыргызстандын геология кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанатуу иш-чара ɵттү.

Иш-чарага министр М.Тургунбаев, Кыргыз Геология кызматынын директору М.Машиев, Тоо-кен өнөржай жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Д.Дуйшенбеков, Ардактуу геолог, Кыргыз тоо-кен институтунун ректору А.Маралбаев, Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзунун төрагасы М.Атаянов жана геология тармагынын ардагерлери жана  Кыргыз Геология кызматынын жалпы эмгек жамааты катышты. 

Министр М.Тургунбаев ɵз сɵзүндɵ геологдорду куттуктап жатып, аталган тармак азыркы күндɵ болуп кɵрбɵгɵндɵй динамикалуу ɵнүгүү жолуна түшкɵнүн,   2010-жылдан 2023-жылга чейин республикалык бюджеттин эсебине тоо-кен тармагынан жалпысынан 197,4 млрд. сом суммасында салыктарды түшүргɵндүгүн баса белгиледи.  Ошондой эле, тармактын ардагерлерине ыраазычылык билдирип, жасаган эмгектеринин үзүрү азыркы тоо-кендеги ишенимдүү ɵнүгүү экенин-айта кетти. 

  Иш-чара аталган тармактагы кынтыксыз иши үчүн, Жаратылыш ресурстары министрлигинин, Кыргыз Геология кызматынын жана  Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзунун тɵш белгилери жана ардак грамоталары менен сыйланышты. 

   Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.