Жаратылыш ресурстар министрлиги Бүткүл дүйнөлүк биологиялык ар түрдүүлүк күнүн белгиледи
22-май 2025, 14:31

2025-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргыз Республикасындагы БУУӨП менен биргеликте мамлекеттик органдардын, экологиялык бейөкмөт уюмдардын, билим берүү мекемелеринин жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрүн бириктирген диалогдук аянтча уюштурду.
Иш-чара биоартүрдүүлүктү жоготуу көйгөйлөрүн талкуулоо, учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү талдоо, билим алмашуу жана Кыргызстандын туруктуу экологиялык келечегин илгерилетүү үчүн кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары М.Аманкулов Кыргызстан үчүн биоартүрдүүлүктү сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи
«Кыргызстан үчүн биоартүрдүүлүктү сактоо экологиялык эле эмес, социалдык-экономикалык артыкчылыктуу да болуп саналат. Биздин жаратылыш ресурстарыбыз туруктуу өнүгүүнүн жана калктын бакубаттуулугунун негизи болуп саналат, ошондуктан экосистемаларды коргоо, сейрек кездешүүчү түрлөрдү сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу биз үчүн эң маанилүү милдеттер болуп саналат.
Жаратылыш ресурстары министрлиги биоартүрдүүлүктү коргоо жана калыбына келтирүү боюнча натыйжалуу механизмдерди түзүү боюнча активдүү иш алып барууда. Мындай кадамдардын бири Биологиялык ар түрдүүлүктүн улуттук стратегиясын жана иш-аракеттер планын иштеп чыгуу болуп саналат. Биз улуттук кызыкчылыктарга да, эл аралык милдеттенмелерге да жооп бере турган стратегияны иштеп чыгууну максат кылып жатабыз», - деп жыйынтыктады М.Аманкулов.
Иш-чарада бардык катышуучулар биоартүрдүүлүктү сактоо жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлорун көрсөтө алышты.
Маалымат үчүн:
Биологиялык ар түрдүүлүктүн эл аралык күнү 2001-жылдан бери жыл сайын 22-майда белгиленип келет.Бул эл аралык күн 1995-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 1992-жылы өткөн Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча Конвенциянын Тараптарынын Конференциясынын сунушунун негизинде атайын резолюцияда жарыяланган.