Министрлер Кабинети, «Eti Bakir» ААКсы жана «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары министрлигинде Министрлер Кабинети, «Eti Bakir» ААКсы жана «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Эти Бакыр» Терексай түрк компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Шереф Дженгиз баштаган ишкананын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды.
 

Тереккан, Перевальное жана Терек кендерин иштетүү боюнча долбоорду мындан ары ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, «Eti Bakir» акционердик коому жана «Эти Бакыр Терексай» жоопкерчилиги чектелген коому ортосунда Инвестициялык макулдашууга кол коюлду.
Белгилей кетсек, кол коюу аземи Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде өттү.
 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Жаратылыш ресурстары министринин орун басары А.Ж. Туманов кол койгон Инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатынын жагымдуулугуна олуттуу өлчөмдө таасир этүүгө тийиш – макулдашуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк инвесторлорго кепилдиктерди, преференцияларды жана жеңилдиктерди берүүнүн жаңы тартибин эске алуу менен түзүлгөн.
Ошондой эле бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы саясий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жасалган кадамдарынын бири болуп саналат.