Жаратылыш ресурстары министрлигинде 2025-жылга карата Антикоррупциялык стратегиянын аткарылышы боюнча мониторингдин жыйынтыгы чыгарылды
18-февраль 2026, 15:36
Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинде 2025-жылга карата Антикоррупциялык стратегиянын аткарылышы боюнча мониторингдин жыйынтыгы чыгарылды
2026-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары боюнча жыйын өттү. Аталган план КР Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген.
Мониторингге Башкы прокуратуранын, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө нормативдик укуктук актыларга антикоррупциялык экспертизанын улуттук системасын түзүү, мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, мамлекеттик башкарууну санариптештирүү, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча жетишилген натыйжаларды, аныкталган көйгөйлүү жагдайларды жана аларды жоюу боюнча сунуштарды камтыган жыйынтыктоочу отчет даярдалууда.
Жаратылыш ресурстары министрлиги антикоррупциялык иш-чараларды ишке ашырууну жана өз ишмердүүлүгүндө ачыктыкты жогорулатуу, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча системалуу ишти улантат.