Жаратылыш ресурстары министрлигинда аткаруу жана эмгек тартиптерин күчөтүү тапшырмалары коюлуп, абанын булганышы боюнча иш-чара иштелип чыкты

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинда аткаруу жана эмгек тартиптерин күчөтүү тапшырмалары коюлуп, абанын булганышы боюнча иш-чара иштелип чыкты

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде убактылуу министрдин милдетин  аткаруучу, М. Маметов министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү жана борбордук аппаратын башкарамлыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилерине аппараттык жыйын өткөрдү.
Өткөн жыйында түзүлгөн протоколдун аткарылышы боюнча маалымат берилди. Анын алкагында жаңы конуштарды газдаштыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы, өлкөдөгү ташатанды  полигондорунун саны, аткаруу жана эмгек тартиптерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Ошондой эле, министрдин орун басары М.Аманкулов жаңы конуштарды газдаштыруу боюнча берилген тапашырманын негизинде ОсОО “Газпром Кыргызстан”-ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлдөрү жана министрликтин тиешелүү кызматкерлердин катышусунда иш-пландын аткарылышын талкуулап, бул багытта ыкчам жана сапаттуу иштерди ишке ашыруу башкы багыттардын бири экенин баса белгиледи.