Министрлик кызматкерлерин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүн жана экоактивисттерди айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады

Чүй өрөөнү

Министрлик кызматкерлерин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүн жана экоактивисттерди Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады

5-июнь – Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кызматкерлерин, экоактивисттерди жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүн куттуктады.

«Эколог» күнүнө арналган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары жана ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги да катышты.

Министр Мелис Тургунбаев кесиптештерине жана конокторго салтанаттуу түрдө ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырды. Ал Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү – бир гана кесиптик майрам эмес, жалпы адамзат үчүн өзгөчө дата экендигин баса белгиледи.

«Бул күн бизге мекенибиз жана планетабыз алдындагы жоопкерчилигибиз жөнүндө эскертип турат. Бул күн мамлекеттин жана коомчулуктун өзгөчө көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө жана жерибиздин жаратылыш ресурстарын жана байлыктарын келечек муундарга туруктуу өткөрүп берүү менен байланышкан чакырыктарга бурат. Ошондой эле экономикалык прогресс экологиялык аспектилерди эске алган жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген бардык кызыкдар тараптарды туруктуулукка өтүү боюнча чечкиндүү кадамдарды жана чараларды көрүүгө милдеттендирет.

Биз климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушу жана булгануу дүйнөлүк масштабдагы чакырыкка айланган доордо жашап жатабыз. Бул чакырыктардын жана коркунучтардын бардыгы ар бирибизден шашылыш жана координацияланган аракеттерди талап кылат. Айлана – чөйрөнү сактоо өкмөттүн же жеке уюмдардын гана эмес, ар бир адамдын милдети экендигин түшүнүү керек.
Акыркы эки жылда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жарлыктарын ишке ашыруу максатында өлкөбүздө айлана-чөйрөнүн булганышына каршы чечкиндүү чаралар көрүлүп жатат. Өлкөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга багытталган бир катар мыйзамдар кабыл алынды», - деп куттуктоо сөзүндө министр белгиледи.

М.Ж. Тургунбаев Кыргызстандын жаратылыш байлыгын сактоо жана көбөйтүү үчүн аракеттерин жумшап жаткан министрликтин кызматкерлерине жана бардык конокторго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, донорлор менен экоактивисттердин ири экологиялык демилгелерди ишке ашыруудагы салымын белгиледи.

«Бүгүн биз ар бириңиздерди Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктайбыз. Сиздердин экологияны жакшыртуу боюнча аракеттериңиздер, кайратыңыздар баарыбызды шыктандырат! Жалпыңыздарга чын ден соолук, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм!»

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү БУУ тарабынан бекитилип, 50 жылдан бери белгиленип келет.