Жаратылыш ресурстары министрлиги “АК ИЛБИРС – АЛА-ТООНУН КӨРКҮ” сүрөт тартуу сынагын өткөрдү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлиги “АК ИЛБИРС – АЛА-ТООНУН КӨРКҮ” сүрөт тартуу сынагын өткөрдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги  жана Ак илбирс жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы менен биргеликте, Министрликке караштуу Регионалдык башкармалыктарында “Ак илбирс – Ала-Тоонун көркү” аталышында  сүрөт тартуу сынагы өткөрүлдү.Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын  29-декабрындагы №369 “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” Жарлыгынын алкагында уюштурулду. 

Сынак эки этап менен өттү.  Биринчи  этап Министрликтин Регионалдык башкармалыктарында арасында  сынак жарыяланып, ар бир Башкармалыкта сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Экинчи  этап Башкармалыктардагы жеңүүчүлөрдүн арасынан, Министрлик менен GSLEP тарабынан жеңүүчүлөр аныкталып, 1-2-3-даражадагы дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылды.

Андан тышкары сүрөт тартуу сынагына активдүү катышкандыгы үчүн дагы 9 катышуучуга баалуу белектер берилди.

Сынактын максаты-Кыргыз Республикасынын улуттук символу болуп саналган жана өлкөнүн маданий мурасын чагылдырган Ак илбирсти даңазалоо менен табиятка болгон сүйүүнү калыптандыруу, чыгармачылык иш-аракеттер аркылуу сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактап калууга көңүл бурдуруу, коргоого чакыруу жана үгүттөө болду.

Сүрөттөрдү баалоо кандай жүрдү:

- темага дал келүүсү менен;

- идеянын өзгөчөлүүгү;

- аткаруу техникасы;

- эстетикалык баалуулук.

Техникалык талаптар боюнча:

- сүрөттө Ак илбирсти борбордук элемент катары камтылуусу;

-дизайн оригиналдуу, чыгармачыл жана оңой таанылышы;

-ак илбирстин күчү, көрктүүлүгү жана табигый жашоо чөйрөсү сыяктуу мүнөздүү белгилеринин чагылдырылышы;

- сүрөттү тартууда ар кандай карандаш, боек жана пастел ж.б.у сүрөт тартуу куралдарын колдону;

- сүрөттүн өлчөмү; 

- сүрөттүн оң ылдыйкы четинде же арткы бетинде автордун аты-жөнү, жаш курагы, байланыш маалыматтарынын көрсөтүлүшү.

“Ак илбирс – Ала-Тоонун көркү” сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүлөрү:

- Маликова Динара (Нарын);

- Эркинбекова Асел (Баткен);

- Маматова Гүлгүнай (Баткен). 


Сүрөт тартуу сынагынын активдүү катышкандыгы үчүн дагы 9 катышуучуга балуу белектер берилди.Бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз.