Жаратылыш министрлигинде жер казынасын пайдалануу тармагындагы ачыктык маселелери боюнча семинар өттү

Чүй өрөөнү
Жаратылыш министрлигинде жер казынасын пайдалануу тармагындагы ачыктык маселелери боюнча семинар өттү
Жаратылыш министрлигинде жер казынасын пайдалануу тармагындагы ачыктык маселелери боюнча семинар өттү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бириктирген семинар болуп өттү.
Министрлике караштуу Кыргыз геология кызматынын директорунун орун басары А. Курманалиев баштаган семинарга тийиштүү башкармалыктар менен бөлүмдөрдүн жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү — В. Гончаров жана Н. Джолдошев, Казып алуу тармактарында ачыктык демилгесинин (ИПДО) Катчылыгынын өкүлү К. Мамбетов, ошондой эле Дүйнөлүк банктын консультанттары катышты.
Иш-чаранын максаты — ИПДОнун эл аралык жана улуттук стандарттары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, лицензиялык реестрдеги бенефициардык ээлик боюнча маалыматтарды талдоонун жыйынтыктарын сунуштоо жана жер казынасын пайдалануу секторунда ачыктыкты чыңдоо боюнча кийинки кадамдарды талкуулоо.
Талкуулар учурунда катышуучулар учурдагы чакырыктарды карап, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун белгилешти. Алардын ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча маалыматтарды жыйноо, текшерүү жана жарыялоо механизмдерин өркүндөтүү маселелери да бар.
Семинар Кыргыз Республикасындагы тоо-кен тармагынын ачыктыгын жана жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган кесиптик талкуу жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду.