Москва районунда уруксат кагазы жок курал салып жүргөн жаран аныкталды
14-октябрь 2026, 09:36
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Москва районундагы № 5 корук участогунда уруксат берүүчү документтери жок, унаада пневматикалык курал салып жүргөн жаран аныкталды. Унааны текшерүү учурунда мыйзамсыз олжолонгон кыргоол, балыктар табылган.
Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, мыйзам талаптарын бузган жаранга 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого жана жаныбарлар дүйнөсүнө аяр мамиле кылууга чакырат. Мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.