Москва районунда браконьерлик факты катталды
22-октябрь 2025, 17:13
Москва районунда браконьерлик факты катталды
2025-жылдын 22-октябры күнү саат 01:00 чамасында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын аныктоо бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасынын” егерлери менен биргеликте Москва районунун Ак-Суу капчыгайына браконьерлик боюнча түшкөн маалыматтын негизинде чыгышкан.
Текшерүү учурунда «Ныша» коктусунда Lexus 470 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, ичинде төрт жаран болгон жана алардын жанында рациялар бар экени аныкталган. Маалымат боюнча браконьердикке эки автоунаа катышкан. Экинчи автоунаа болжол менен 300 метр аралыкта өйдө жакта турган, ичинде бир адам болуп, анын жанынан да рация жана чоң жарык берүүчү фонарь табылган. Алгачкы унаадагылар эскертүү берүү максатында рация аркылуу байланышта болгондугу божомолдонууда.
Текшерүү маалында жарандардын бири кызматкерлерге коркутууларды жасаган, бул факт фото жана видео материалдар менен тастыкталган.
Эртеси күнү саат 08:00 чамасында, кошумча изилдөө жүргүзүүдө «Ныша» коктусунун аймагынан ок атышкан жеринде, гильза жана жапайы тоо эчкинин өлүгү табылган.
Бардык материалдар браконьерлердин өздүгүн тактоо жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн Чүй облусунун Москва райондук ИИБсине өткөрүлүп берилди.