Министрликте илимий-техникалык кеңештин отуруму болуп өттү
15-май 2024, 17:27
Чүй өрөөнү
2024-жылдын 14-майында Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору Д.В. Глазуновдун жетекчилиги астында 2023-жылы аткарылган илимий-изилдөө иштеринин отчетторун бекитүү боюнча ИТКнын жыйыны болуп өттү.
Кеңеште "Метеорологиялык шарттарды эске алуу менен Кыргызстандын шаарларында абанын булганышын болжолдоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу"темасында отчет угулуп, талкууланды.
Тема боюнча талкуулардын жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин мүчөлөрү тарабынан илимий эмгекти жактыруу чечими кабыл алынды.