ЖРЭТКМде Кыргызстандын климаттык отчеттуулугун даярдоо маселелери талкууланууда
13-август 2026, 16:30

2026-жылдын 10–11-августунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясы (БУУ КӨАК) боюнча Кыргыз Республикасынын Экинчи эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча докладын (ЭЖААД-2) жана Бешинчи улуттук билдирүүсүн (УБ-5) даярдоо боюнча техникалык консультациялар өткөрүлүүдө.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) менен биргеликте уюштурулган. Консультацияларга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.
ЭЖААД-2/УБ-5 улуттук климаттык отчеттуулуктун маанилүү инструменттери болуп саналат жана Кыргызстандын БУУ КӨАК жана Париж макулдашуусу боюнча милдеттенмелерин аткаруудагы жетишкендиктерин чагылдырат.
Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча докладда парник газдарынын чыгындылары жана сиңирилиши, улуттук климаттык чаралар жана климаттык максаттарга жетүүдөгү прогресс, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, ошондой эле алынган жана зарыл болгон эл аралык колдоо жөнүндө маалымат берилет.
Улуттук билдирүү өлкөдөгү климаттык кырдаалга кеңири талдоо жүргүзүп, климаттын өзгөрүшү жаатындагы улуттук саясат жана чаралар, жүргүзүлгөн изилдөөлөр, аялуулук жана адаптация, ошондой эле БУУ КӨАКты ишке ашыруунун башка багыттары жөнүндө маалыматты камтыйт.
Кыргыз Республикасы климаттык отчеттуулукту БУУ КӨАКтын Катчылыгына үзгүлтүксүз негизде тапшырып турат. 2025-жылы Кыргызстан Эки жылдык ачык-айкындуулук боюнча биринчи докладын тапшырган, ал эми 2026-жылы ЭЖААД-2 жана УБ-5ти бирдиктүү бириктирилген документ форматында даярдоого киришкен. Бул өлкөнүн климаттык саясатын ишке ашыруу жөнүндө маалыматты комплекстүү түрдө берүүгө мүмкүндүк берет.
Эки күндүк техникалык консультациялардын алкагында эксперттик топ документтин даярдалган тармактык бөлүмдөрүнүн долбоорлорун сунуштайт. Катышуучулар берилген материалдарды карап чыгып, маалыматтарды такташат, аныкталган маселелерди талкуулашат жана аларды андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарын киргизишет.
Консультациялардын жыйынтыгы боюнча тармактык бөлүмдөрдү толуктап иштеп чыгуу жана ЭЖААД-2/УБ-5тин бириктирилген долбоорун түзүү боюнча кийинки кадамдар аныкталат.
Климаттык отчеттуулукту даярдоо Кыргыз Республикасынын БУУ КӨАК жана Париж макулдашуусу боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруунун бир бөлүгү болуп саналат жана улуттук климаттык саясаттын ачык-айкындуулугун, сапатын жана системалуулугун жогорулатууга багытталган.

