Нарында ири көлөмдөгү аюу видео тасмага түшүрүлдү

Нарын өрөөнү
Нарында ири көлөмдөгү аюу видео тасмага түшүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун егерлери тоолуу аймактардагы рейддик иш чараллар учурунда ири көлөмдөгү аюуну жана 30га жакын эчки-текелерди видео тасмага түшүрүшкөн. 

Бул көрүнүш Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын жашоосу үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтөт.


Мамлекеттик жаратылыш коруктары жапайы жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоодо, алардын эркин көбөйүп, жашоосуна ыңгайлуу шарттарды түзүүдө өзгөчө мааниге ээ.