Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна чектеш аймактардагы боз суурларга изилдөө жүргүзүлүүдө
17-август 2026, 10:29
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна чектеш аймактардагы боз суурларга изилдөө жүргүзүлүүдө.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна чектеш аймактарда кездешүүчү боз суурларга (Marmota baibacina) морфологиялык жана патоморфологиялык изилдөө жүргүзүү боюнча алгачкы талаа жумуштары башталды.
Изилдөө иштери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Н. Алдаяров менен биргеликте жүргүзүлүп, анын негизги максаты — аймакта жашаган боз суурлардын жалпы абалын, сырткы морфологиялык белгилерин жана ден соолук көрсөткүчтөрүн изилдөө, ошондой эле жапайы жаныбарлар арасында кездешүүчү оорулардын белгилерин эрте аныктоого багытталган маалыматтарды топтоо болду.
Талаа иштеринин жүрүшүндө боз суурлардын морфологиялык өзгөчөлүктөрүнө байкоо жүргүзүлүп, алардын абалына баа берүү боюнча практикалык иштер аткарылды. Мындан тышкары, жапайы жаныбарларда кездешүүчү ооруларды алдын ала аныктоодо көңүл бурулуучу негизги белгилер жана биринчи кезекте көрүлүүчү чаралар боюнча Нарын облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн практикалык окуу өткөрүлдү.
Окуу учурунда жапайы жаныбарлардын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө, сырткы белгилерине жана оорунун болушу мүмкүн экенин көрсөткөн белгилерге байкоо жүргүзүү, шектүү учурларда коопсуздук талаптарын сактоо жана тиешелүү адистерге өз убагында маалымат берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Алгачкы талаа иштеринин жыйынтыктарынын негизинде изилдөөлөрдү улантуу жана алынган маалыматтарды илимий жактан талдоо пландалууда.