Нарын облусундагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун Соң-Көл көлүндө жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого багытталган иштер улантылууда
21-сентябрь 2026, 11:59
Нарын облусундагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун Соң-Көл көлүндө жаратылышты жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоого багытталган иштер улантылууда.
«Соң-Көл көлүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу» долбоорунун алкагында коруктун Соң-Көл корук участогунун Батай-Арал аймагында суулуу-саздак жерлерди мекендеген жапайы канаттууларды байкоого жана мониторинг жүргүзүүгө шарт түзгөн атайын кароо курулмасы орнотулду.
Бийиктиги 7 метр болгон темир конструкциядагы курулма жапайы канаттууларга жана алардын жашоо чөйрөсүнө зыян келтирбестен байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле атайын дүрбү аркылуу Соң-Көлгө келген эс алуучуларга канаттууларды аларга жакындабай, табигый чөйрөсүндө байкоого шарт түзүлөт.
Соң-Көл — Борбордук Азиядагы маанилүү суу-саздак аймактардын бири. Көл жана анын жээк тилкелери өрдөктөр, мойноктор, чулдуктар жана башка суу жээгинде жашаган жапайы канаттуулардын маанилүү жашоо чөйрөсү болуп саналат.
Аталган аймактын биологиялык ар түрдүүлүгү жаратылышты коргоо жана туруктуу пайдалануу жаатындагы эл аралык мааниге ээ. Ушуга байланыштуу Соң-Көлдүн экосистемасын сактоо, жапайы жаныбарларга тынч шарт түзүү жана экологиялык туризмдин маданиятын өнүктүрүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.
Орнотулган кароо курулмасы жаратылышты коргоо, илимий байкоо жүргүзүү жана экологиялык агартуу иштерин айкалыштырган маанилүү объектилердин бири болуп саналат.