Нарын облусунда тоо текелеринин үйүрү жана илбирс видео тасмага түшүрүлдү

Нарын өрөөнү
Нарын облусунда тоо текелеринин үйүрү жана илбирс видео тасмага түшүрүлдү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери Нарын облусунун өрөөндөрүнүн биринде жүргүзгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тоо текелеринин үйүрүн жана сейрек кездешүүчү илбирсти жакын аралыктан видео тасмага тартып алышты.

Рейд учурунда тартылган кадрлар Нарын аймагынын өзгөчө кооз жана бай жаратылышын, ошондой эле тоолуу аймактарда жапайы жаныбарлардын табигый шартта жашап жатканын көрсөтөт.

Тоо текелеринин үйүрүнүн жана илбирстин өз табигый чөйрөсүндө эркин жүрүшү аймактагы жаратылыш экосистемасынын туруктуулугун жана жапайы жаныбарлар үчүн ылайыктуу шарттардын сакталып жатканын көрсөткөн маанилүү көрүнүштөрдүн бири.


Министрлик жаратылышты коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн коргоо багытындагы иштерди системалуу түрдө улантат.