Нарын облусунда «Ак илбирс — тоолордун кожоюну» аттуу сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
03-ноябрь 2026, 13:32
К.Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругу тарабынан Ат-Башы жана Нарын райондорундагы корукка чектеш жайгашкан айыл аймактарынын жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары арасында «Ак илбирс — тоолордун кожоюну» аттуу сүрөт сынагы уюштурулду.
Сынактын негизги максаты — жаш муундардын арасында ак илбирсти коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылышка аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруу, ошондой эле экологиялык билимди жогорулатуу болуп саналат.
Мындан тышкары, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун жана Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан Нарын шаарындагы Агрардык-техникалык-экономикалык колледжинин студенттерине ак илбирсти коргоо жана анын жаратылыштагы орду тууралуу маалыматтык сабак өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында студенттердин билимдерин текшерүү жана кызыгуусун арттыруу максатында Kahoot платформасы аркылуу ак илбирске арналган интерактивдүү оюн уюштурулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.