Нарын облусунда мал-жандыктарды жырткычтардан коргоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Нарын өрөөнү
Нарын облусунда мал-жандыктарды жырткычтардан коргоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Нарын облусунда мал-жандыктарды жырткычтардан коргоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Нарын регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундардын жана чабандардын кайрылууларынын негизинде мал-жандыктарды жырткычтардан коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.

Аймактагы тургундардын мал чарбасына келтирилиши мүмкүн болгон коркунучтардын алдын алуу, ошондой эле мал-жандыктардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жыл башынан бери жер-жерлерде уюштурулган мергенчилик топтор менен биргеликте ыкчам иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Аталган иштердин алкагында Нарын районунун аймагынан 1 карышкыр, Ат-Башы районунун Ак-Сай аймагынан 2 карышкыр жана 1 чөө жок кылынды.

Нарын регионалдык башкармалыгы жырткычтардын айылдарга жана мал жайыттарына жакындашынын алдын алуу, жергиликтүү калктын мал-жандыктарын коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы иштерди мындан ары да улантат.

Мындан тышкары, жаратылышты коргоо талаптарын сактоо жана жапайы жаныбарлар дүйнөсүнө этият мамиле кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.