Нарын облусунда мыйзамсыз аңчылык жана чөп казуу фактылары аныкталды

Нарын өрөөнү
Нарын облусунда мыйзамсыз аңчылык жана чөп казуу фактылары аныкталды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин  Нарын регионалдык башкармалыгы ошондой эле NABU жаратылышты коргоо фондунун кызматкерлери биргелешкен рейд жүргүзүштү.

Рейд учурунда Арпа өрөөнүнүн Сөөк участогунан Ак-Талаа районунун тургуну Д.А. бир баш жапайы тоо кийиктин эти менен кармалган. Ошондой эле ошол эле аймакта Ак-Талаа районунун дагы бир тургуну К.Ү. жайлоодогу короосунан бир баш тоо кийиктин эти менен кармалды.

Эки жаранга жеринде акт түзүлүп, жаратылышка келтирилген зыянды толтуруу үчүн №224 токтомдун негизинде ар бирине 300 миң сомдон, жалпысы 600 миң сом доо коюлду. Тиешелүү материалдар Ат-Башы РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, 28-августта Арпа өрөөнүнүн Суук-Булак участогунан Ак-Талаа районунун тургуну Б.А. 34 кг эндик чөбүнүн тамырын мыйзамсыз казып алганы үчүн КР Бузуулар кодексинин 264-беренеси боюнча 10 миң сом айып пулга жыгылды.

Рейд учурунда кызматкерлер жеринде калк арасында түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү.