Нарын облусунда “Эндик” өсүмдүгүнүн тамырларын мыйзамсыз казып жүргөн 10 жаран кармалды

Нарын өрөөнү
Нарын облусунда  “Эндик” өсүмдүгүнүн  тамырларын мыйзамсыз казып жүргөн 10 жаран кармалды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин   Нарын регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн  кызматкерлери жарандардын кайрылуулары боюнча жеринен иш алып барунун алкагында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, "Илбирс" фондунун кызматкерлери жана Нарын ОИИБнын атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери менен биргеликте 2024-жылдын 9-12 июль күндөрү "Эндик" чөп өсүмдүгүнүн тамырларын массалык түрдө казылышына бөгөт коюу максатында Нарын, Ак-Талаа жана Ат-Башы районуна рейдттик иш-чараларын жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында Ак- Талаа районунун Тоголок -Молдо айыл аймагынан жана Арпа жайлоосунан аталган өсүмдүктүн тамырларын мыйзамсыз казып жүргөн 10 жаран кармалып, КРнын Укук Бузуулар Кодексинин 264- беренеси менен ар бир жаранга 5500 сомдон айып пул салынып протоколдор толтурулган.
 Болжол менен 80-90 кг эндик  өсүмдүгүнүн тамырлары алынды. Ошондой эле Ат-Башы районунан эндик чөбүнүн тамырларын чогултуп жаткан жаран аныкталып КРнын укук бузуу кодексинин  264 -беренеси менен 5500с айып салынып, чогултулган 416-кг эндик чөбүнүн тамырлары Ат-Башы РИИБне өткөрүлүп берилди. Бүгүнкү күндө кызматкерлер элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн рейдттик иш чараларды улантышууда.
Эске сала кетсек - Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана көбөйтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 28-майдагы № 270 “Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу (мораторий) киргизүү жөнүндө” токтому кабыл алынган. Кыргызстандын флора объектилерин сактоо жана көбөйтүү максатында кабыл алынган.
-макротомия (Macrotomia DC),
-Арнебия (Арнебия Форск),
- күл дарагы (Dictamnus L),
-монахтар (Aconitum L) жана
-aflatun пияз (Allium aflatunense B.Fedtsch).
Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарында бул түрлөрдүн популяциялык абалына мониторинг жүргүзүү, жапайы жаратылыштагы өсүмдүктөрдүн запастары көзөмөлсүз жана көп учурда мыйзамсыз чогултуунун натыйжасында түгөнүп калганын көрсөттү.