Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда 10 күндүк эковолонтердук экспедиция өттү
23-июль 2025, 11:59
Нарын өрөөнү
2024-жылдын жаратылышты коргоо иш-чараларынын алкагында Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун жылдык иш планына ылайык, эковолонтерлор менен биргелешип 10 күндүк илимий-изилдөө экспедициясы уюштурулду.
Экспедициянын негизги максаты – жапайы жаратылышты көзөмөлдөө, биологиялык ар түрдүүлүктүн абалын баалоо жана мурдагы жылы орнотулган фотокапкандар аркылуу маалымат чогултуу болду. Иш-чара учурунда жаныбарлардын жана канаттуулардын жүрүм-турумуна мониторинг жүргүзүлүп, жаратылыштын учурдагы экологиялык абалы боюнча бир катар илимий байкоолор жүргүзүлдү.
Фотокапкандар аркылуу жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсү жана популяциясы тууралуу баалуу маалыматтар алынып, алар коруктун илимий архивине киргизилди. Мындай иш-чаралар жаратылышты сактоо, экосистеманын туруктуулугун камсыз кылуу жана коомчулуктун экологикалык аң-сезимин жогорулатуу багытында чоң мааниге ээ.