Экспедиция Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда ийгиликтүү аяктады
25-август 2025, 11:25
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери жана «ОСИ Пантера» коомдук уюмунун эковолонтерлору тарабынан уюштурулган кезектеги экспедиция ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Экспедиция учурунда жапайы жаратылышка мониторинг жүргүзүлүп, 2024-жылы орнотулган фото-капкандар текшерилип чыкты, жакынкы күндөрү капкандарга түшкөн сейрек жана коргоого алынган жаныбарлардын уникалдуу сүрөттөрү коомчулук менен бөлүшүлөт.
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу 1983-жылы негизделген. Анын башкы максаты – борбордук Тянь-Шандагы жаратылыш комплекстерин, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү түрлөрүн коргоо жана алардын көбөйүшүнө шарт түзүү.
Бүгүнкү күндө коруктун жалпы аянты 105 519 гектарды түзөт. Ал жерде төмөнкүдөй биологиялык ар түрдүүлүк катталган:
• Сүт эмүүчүлөрдүн – 26 түрү
• Канаттуулардын – 104 түрү
• Балыктардын – 3 түрү
• Сойлоп жүрүүчүлөрдүн – 4 түрү
• Жерде-сууда жашоочулардын – 1 түрү
Курт-кумурскалардын түрдүүлүгү толук изилденип бүтө элек.
Коруктун аймагында Кыргызстандын «Кызыл китебине» кирген төмөнкү жаныбарлар бар:
• Сүт эмүүчүлөр: илбирс, мадыл, сүлөөсүн, күрөн аюу, бугу, марал, кулжа, суусар
• Канаттуулар: бүркүт, шумкар, көк жору, көкчулдук, кидик бүркүт, сары үкү, шахин, мыкыйүкү, кадимки тартар тоок жана кумай
Мындан сырткары, корукта 600дөн ашуун өсүмдүк түрү катталган.
Бул экспедиция жапайы жаратылышты изилдөө, коргоо жана коомчулукта экологиялык аң-сезимди жогорулатуу багытында маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.