2026-жылдын 24-июнуна караган түнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы токой тилкесинен мыйзамсыз кум казуу фактысы аныкталды
24-июнь 2026, 12:32
2026-жылдын 24-июнуна караган түнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы токой тилкесинен мыйзамсыз кум казуу фактысы аныкталды.
Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору түнкү рейд учурунда мыйзамсыз казылган кумду ташып бара жаткан үч оор жүк ташуучу Howo унаасын токтотушкан.
Аталган унаалар айып короого киргизилип, окуя боюнча материалдар ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле бул факт Маалыматтарды каттоо журналына катталды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мыйзам бузгандар кум казып алып, пайда болгон чоң чуңкурларды курулуш таштандылары менен толтуруп, үстүн жука кум менен жаап, мыйзамсыз иштерин жашырууга аракет кылышкан.
Учурда келтирилген экологиялык зыяндын көлөмү такталып, тиешелүү эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.