Ноокатта Кызыл китепке киргизилген кумай жаратылышка кайтарылды

Чүй өрөөнү
Ноокатта Кызыл китепке киргизилген кумай жаратылышка кайтарылды
Ноокатта Кызыл китепке киргизилген кумай жаратылышка кайтарылды


Ноокат районунун А. Мирмахмудов айыл аймагындагы чөп базардан сатуучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген кумай канаттуусу табылган.


Табылган канаттуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлоруна өткөрүлүп берилген.


Ошол эле күнү канаттуу Ноокат райондук ветеринария башкармалыгына жеткирилип, ветеринардык кароодон өткөрүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында кумайдын ден соолугунун абалы канааттандырарлык экени жана жугуштуу оорулардын белгилери жоктугу аныкталган.


Ветеринардык текшерүүдөн өткөндөн кийин сейрек кездешүүчү канаттуу коопсуз жана ылайыктуу табигый чөйрөгө кайрадан коё берилген.