Ноокен районунда жайыт жерлеринде мототранспорт каражаттарын башкаруу фактылары аныкталды.

Жалал-Абад өрөөнү
Ноокен районунда жайыт жерлеринде мототранспорт каражаттарын башкаруу фактылары аныкталды.

Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын аймактарында өткөрүлгөн ыкчам рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жайыт жерлеринде мототранспорт каражаттарын башкарган жарандар аныкталды.

Аныкталган фактылар боюнча жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, ар бирине 5 миң 500 сомдон, жалпы 11 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, жайыт жерлерин коргоо, алардын табигый абалын сактоо жана экологиялык талаптардын бузулушуна жол бербөө максатында жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Анда мыйзам талаптарын так сактоо жана жаратылышка аяр мамиле кылуу зарылдыгы белгиленди.


Рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндө» токтомунун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.