Новопокровка айылында өз алдынча пайда болгон катуу тиричиликтен чыккан таштандылар свалкасы аныкталды

Чүй өрөөнү

2025-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин тапшырмасы боюнча, Чүй регионалдык башкармалыгынын адистери Жайылма айыл өкмөтүнүн Новопокровка айылынын аймагында, 3-зонанын жанында жер карамагын изилдөө иштерин жүргүзүштү.

Изилдөө учурунда аталган аймакта мыйзамсыз уюштурулган таштанды төгүү жайы (стихиялык свалка) аныкталды. Бул көрүнүш айлана-чөйрөгө жана калктын санитардык абалына олуттуу зыян келтирүүдө.
Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, таштандыны уруксаты жок жерге төгүүнүн экологиялык кесепеттери тууралуу маалымдоо иштери өткөрүлдү.

Тийиштүү материалдар Экология жана техникалык көзөмөл кызматына тиешелүү чараларды көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.