Ош шаарында эл аралык жаратылышты коргоо Конвенциялары чегинде мамлекеттик БАЖЫ көзөмөлүнө арналган семинар өттү
18-ноябрь 2025, 17:33
Ош шаарында Стокгольм, Роттердам жана Базель конвенцияларынын алкагында мамлекеттик бажы көзөмөлүн күчөтүү маселелерине арналган семинар болуп өттү.
Иш-чара ЮНЕПтин «Жашыл бажы» программасынын алкагында уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын адистеринин кооптуу химиялык заттардын жана калдыктардын мыйзамсыз айлануусун алдын алуу боюнча кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталды.
Семинарда төмөнкү маселелер каралды:
• Кыргызстанга жүктөлгөн эл аралык милдеттенмелерди аткаруу маселелери;
• бажы көзөмөлүндө айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарын колдонуу тажрыйбасы;
• тыюу салынган жана чектелген заттарды аныктоонун заманбап ыкмалары;
• чек арада экологиялык коопсуздукту камсыздоодо мекемелер аралык кызматташуунун натыйжалуу механизмдери.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тажрыйба алмашып, учурдагы чакырыктарды талкуулап, өлкөнүн экологиялык коопсуздугун күчөтүүгө жана эл аралык милдеттенмелерди толук аткарууга жардам берүүчү сунуштарды иштеп чыгышты.
Мындай окутуу иш-чаралары улуттук компетенттүү органдардын потенциалын чыңдоого, ошондой эле экологиялык жактан жоопкерчиликтүү бажы практикасын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.