Ош шаарында автоунаалардын абага бөлүп чыгарган зыяндуу заттарын көзөмөлдөө боюнча рейд жүргүзүлдү
13-ноябрь 2025, 11:13
2025-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан, Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун инспекторлору менен биргеликте автоунаалардан чыккан булганыч заттарды аныктоо жана абанын сапатын жакшыртуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө абага зыяндуу заттарды нормадан ашык бөлүп чыгарган автоунаалар аныкталып, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 234-беренесине ылайык, жеке жактарга карата 5 протокол түзүлдү. Натыйжада жалпы 37 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Бул иштер жарандардын саламаттыгына жана экологиялык коопсуздукка терс таасир тийгизген факторлорду азайтуу, ошондой эле экологиялык маданиятты жогорулатуу максатын көздөйт.