Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык кылган адам жоопкерчиликке тартылды

Ош өрөөнү
Ош облусунда мыйзамсыз аңчылык кылган адам жоопкерчиликке тартылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүк бөлүмүнүн адистери Араван районунун жана Ош-Баткен коомунун аңчылык адистери менен биргеликте Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында рейддик иш-чара өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз пневматикалык куралды колдонуу менен жапайы канаттууларга аңчылык кылган жаран аныкталды. Анын аракеттеринде аңчылык эрежелерин жана белгиленген талаптарды бузуу фактысы катталган.

Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаранга 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды. Ошондой эле мыйзамсыз атылган 4 даана канаттуу үчүн жаратылышка келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 6 000 сом өлчөмүндө доо коюлду.


Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар арасында жапайы жаныбарларды коргоо, аңчылык жана балык уулоо эрежелерин сактоо, жаратылыш ресурстарына аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.