Ош облусунда аң-уулоо эрежелеринин сакталышы боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү
22-декабрь 2025, 15:43
2025-жылдын 21-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле «NABU Кыргызстан» уюмунун «Барс-2» тобунун кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу жана Алай райондорунун аймагындагы аңчылык жерлеринде аң-уулоо эрежелеринин талаптарынын сакталышын текшерүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аң-уулоо эрежелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №55 токтомунун талаптарын бузган 3 жаран аныкталды. Аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесинин негизинде 3 административдик протокол түзүлүп, ар бирине 12 500 сомдон, жалпы суммасы 37 500 сомду түзгөн административдик айып салынды.
Мындан тышкары, рейддин алкагында жергиликтүү тургундарга жана аңчыларга аң-уулоо эрежелерин сактоо, жапайы жаратылышты коргоо жана мыйзам талаптарын так аткаруунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган рейддик иш-чаралар жаратылыш ресурстарын сактоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана биотүрдүүлүктү коргоо максатында мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат.