Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактылары аныкталып, 60 миң сом айып пул салынды

Ош өрөөнү
Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактылары аныкталып, 60 миң сом айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан жаратылышты коргоо жана экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.

Атап айтканда, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында өткөрүлгөн рейд учурунда инспекторлор балыкчылар арасында айлана-чөйрөнү таза кармоо жана балык уулоо эрежелерин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле суу сактагычтын куймасынан тиешелүү уруксат документтери жок кум-шагыл аралашмасын казып алуу фактысы аныкталды. Аталган мыйзам бузуу боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 20 000 сом административдик айып пул салынды.

Мындан тышкары, Папан суу сактагычынын администрациясына жана Папан айыл өкмөтүнө суу сактагычтын айланасын таштандылардан тазалоо жана аймактын санитардык абалын камсыз кылуу боюнча эскертүүлөр берилди.


Ал эми Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагында Жазы дарыясынын жээгинен тиешелүү уруксат кагаздары жок кум-шагыл аралашмасын казып алуу фактысы аныкталды. Мыйзам бузууга жол берген жарандарга жалпы 40 000 сом административдик айып пул салынып, кум-шагыл казууга пайдаланылган техникалар дарыянын нугунан чыгарылды.