Ош шаарындагы парктан жаракат алган канаттуу табылды
22-ноябрь 2024, 13:46
Ош өрөөнү
Ош шаарындагы «Токтогул» паркында, «Нур» кинотеатрынын аймагынан Араван районунун Чек-Абад айылынан келген жашоочу И. Хакимов учууга жараксыз, канаты жаракат алган жапайы канаттууну тапкан.
Ал кайдыгер эмес мамиле жасап, канаттууну коопсуз жерге алып барып, тиешелүү адистерге кабарлаган.
Окуя болгон жерге Ош балыкчылар жана мергенчилер коомунун адиси Гамбарали уулу Нурсултан жана Ош регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу аймактар жана биологиялык ар түрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери келишкен. Канаттуунун абалы текшерилип, тиешелүү акт түзүлгөн.
Жаракат алган канаттуу Ош шаардык зоопаркына өткөрүлүп, ал жактагы ветеринардык кызмат тарабынан дарыланууга жана сактоого алынган.
Бул окуя жарандардын жаратылышты коргоо жана жапайы жаныбарларга кам көрүү маселелерине болгон жоопкерчиликтүү мамилесинин маанилүүлүгүн көрсөтөт.
И. Хакимовго өз учурунда жасаган аракети жана кайдыгер эмес мамилеси үчүн, ошондой эле тез чара көргөн адистерге ыраазычылык билдиребиз.
Ош регионалдык башкармалыгы аймактагы биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо боюнча ишин улантууда жана жапайы жаныбарлар жабыркаган учурда жарандарды адистерге кайрылууга чакырат.