Эс алуу учурунда таштанды таштаган жарандар аныкталып, жоопкерчиликке тартылды

Чүй өрөөнү
Эс алуу учурунда таштанды таштаган жарандар аныкталып, жоопкерчиликке тартылды

Эс алуу учурунда таштанды таштаган жарандар аныкталып, жоопкерчиликке тартылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы, тоолуу аймакта эс алуу учурунда таштанды калдыктарын таштап кеткен жарандар тууралуу Instagram социалдык тармагында жарыяланган маалыматтын негизинде тиешелүү иштерди жүргүздү.

Маалыматты тактоо максатында Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында укук бузуучулардын өздүгү аныкталды.

Аталган жарандарга карата 2 протокол түзүлүп, 11 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды 

Мындан тышкары, жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөнү таза сактоо жана таштанды калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштабоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.