Ээнбаштык менен жайыт жерлерин талкалагандарга интернеттен талдоо жүргүзүлүүдө
09-июнь 2026, 09:05
Чүй өрөөнү
Учурда интернет айдыңында ээнбаштык менен жер кыртышын талкалап жаткан учурлар боюнча талдоо иштери жүргүзүлүүдө. Мыйзам бузган ар бир унаа ээси аныкталып, мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлөт. Эреже бузгандарга 5 500 сомдон 20 000 сомго чейин айып пул салуу каралган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Ысык-Көл облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Көк-Жайык жайлоосунда жаратылышты коргоо багытында иш-чараларды жүргүзүштү.
Анда, «Мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө жөнүндө» токтомдун талаптарын аткаруу боюнча ижарачыларга жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жарандарга жаратылышты коргоо, экологиялык талаптарды сактоо жана аталган токтомдун нормаларын так аткаруу боюнча кеңири маалымат берилди. Кандай гана транспорт болбосун, ал жол эрежелеринде белгиленген жолдор менен гана жүрүүгө тийиш.