Бостери айылындагы “Мүрөк” пансионатында ачык калган канализациялык люктар табылып, алардын айрымдары таштандыга толуп кеткен. Бул боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын рейддик иш чарасы убагында белгилүү болду
25-июнь 2026, 14:21
Чүй өрөөнү
Бостери айылындагы “Мүрөк” пансионатында ачык калган канализациялык люктар табылып, алардын айрымдары таштандыга толуп кеткен. Бул боюнча Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын рейддик иш чарасы убагында белгилүү болду.
Мындан сырткары, канализациялык насостук станциянын (КНС) ишинде да олуттуу кемчиликтер аныкталды. Талапка ылайык агынды сууларды ташуучу түтүктөр жер астынан өткөрүлүшү керек болсо, аймакта жер үстү менен тартылган шланг колдонулуп келген. Ал шлангдын айрым жерлери бузулуп, агып жаткандыгы жана жалпы системага туташтырылбаганы аныкталды.
Текшерүүдө таштандыларды жайгаштырууда эреже бузуулар да катталган. Аймакта кургак бутактар жана курулуш калдыктары чачылып жатканы өрт коопсуздугу үчүн кошумча коркунуч жаратып жатканы аныкталды.
Мындан тышкары, айрым коттедждерден чыккан агынды суулар канализациялык насостук станцияга жетпей жатканы жана кээ бир люктардын герметикалуулугу талапка жооп бербегени белгилүү болду.
Текшерүүнүн жыйынтыгында пансионатка карата административдик протоколдор түзүлүп, аныкталган мыйзам бузууларды кыска мөөнөттө жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.