GSLEP – Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программасынын Башкаруучу комитетинин 9-жыйынынын алкагында министр М. Машиев Ооганстандын Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Улуттук агенттигинин башкы директору менен жолугушту

Ысык-Көл өрөөнү

2025-жылдын 5-июнунда ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында Ооганстандын Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Улуттук агенттигинин башкы директору, урматтуу Alhaj Mawlavi Mutiul Haq Nabi Kheel (Маулви Мутиул Хак Халс) сылыктык визит менен Кыргызстанга келди.

Жолугушуу учурунда афган тарапка GSLEP – Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программага туруктуу колдоо көрсөтүп, активдүү катышып келатканы үчүн ыраазычылык билдирилди. Афганстан бул багытта ар дайым маанилүү салым кошуп келе жаткандыгы белгиленип, урматтуу Маулви Мутиул Хак Халс мырзанын жетекчилиги астында GSLEP алкагындагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат деген ишеним айтылды.

Тараптар GSLEP демилгеси менен иштелип чыккан PAWS (Population Assessment of the World’s Snow Leopards) – ак илбирстин популяциясын баалоо процессин да талкуулашты. Бул курал жаныбардын санын так жана илимий негизде аныктоого мүмкүндүк бере турган натыйжалуу инструмент экени баса белгиленип, Афганстан бул процессте жогорку көрсөткүчтөргө жетишет деген ишеним билдирилди.

Мындан тышкары, Ооганстан тараптын жолугушуунун жыйынтык документи болуп саналган Чолпон-Ата резолюциясын – ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча ареал өлкөлөрүнүн жалпы максаттарын жана багыттарын камтыган маанилүү документти колдойт деген үмүт айтылды.

Бул визит жапайы жаратылышты коргоодогу аймактык кызматташтыктын маанисин, саясий эрктин чечүүчү ролун дагы бир ирет тастыктап, Борбордук жана Түштүк Азия мамлекеттеринин ортосундагы достук жана өнөктөштүк байланышты бекемдөөгө салым кошту