«Таза аба» акциясынын алкагында Бишкекте студенттер үчүн экологиялык тренинг өткөрүлдү

Чүй өрөөнү
«Таза аба» акциясынын алкагында Бишкекте студенттер үчүн экологиялык тренинг өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2025-жылдын 7-сентябрынан 7-октябрына чейин жарыяланган «Таза аба» айлыгынын алкагында Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде атмосфералык абанын абалын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан агартуу жана окутуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Мындай иш-чаралардын бири — №100 кесиптик лицейинин экинчи курсунун студенттери үчүн уюштурулган окутуу тренинги болуп, анын негизги максаты төмөнкүлөрдү калыптандырууга багытталган:

* жаштардын жигердүү жарандык позициясын;

* айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилесин;

* заманбап глобалдык экологиялык чакырыктар шартында туруктуу өнүгүү принциптерин түшүнүүсүн.


Экологиялык билим берүү техникалык багыттагы адистерди даярдоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ал адистерге туура чечим кабыл алуу, экологиялык тобокелдиктерди эске алуу жана айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга салым кошуу мүмкүнчүлүгүн берет.


Иш-чаранын максаты — студенттердин экологиялык сабаттуулугун жогорулатуу, туруктуу жүрүм-турум көндүмдөрүн өнүктүрүү жана жаштарды практикалык экологиялык иштерге тартуу болуп саналат.


Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар атмосфералык абанын булганышына таасир этүүчү негизги факторлор, анын адамдын ден соолугуна жана жаратылышка тийгизген кесепеттери, ошондой эле зыяндуу бөлүнүп чыгуу көлөмүн азайтуу ыкмалары менен таанышышты. Студенттер өз шаарындагы экологиялык көйгөйлөрдү талкуулап, абалды жакшыртуу боюнча өз ойлорун жана сунуштарын ортого салышты.


Мындай иш-чаралар жаштардын экологиялык маданиятын, аң-сезимин жана келечек муун үчүн жоопкерчилик сезимин калыптандырууга өбөлгө түзөт.