Таза аба” экологиялык акциясынын алкагында рейдик иш-чара өткөрүлдү.
22-сентябрь 2025, 17:42
2025-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте “Таза аба” экологиялык акциясынын алкагында рейдик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын “Укук бузулар жөнүндө” Кодексинин 234-беренесине ылайык жеке жактарга 4 протокол, түзүлүп жалпысынан 30000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, айдоочуларга атмосфералык абаны коргоо жана экологиялык нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.