“MINEX Central Asia” геологиялык форумунун алкагында кызматташуу боюнча жети келишимге кол коюлду

Чүй өрөөнү
“MINEX Central Asia” геологиялык форумунун алкагында кызматташуу боюнча жети келишимге кол коюлду

2024-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында MINEX Central Asia 10-тоо-геологиялык форуму уланууда

2024-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында MINEX Central Asia 10-тоо-геологиялык форуму уланууда.
Форум “Борбор Азиядагы тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн келечеги жана сценарийлери” деген жалпы теманын алдында уюштурулууда.  
Форумдун биринчи күнүндө кызматташуу боюнча жети келишимге кол коюлду:

Форумдун биринчи күнү  кызматташуу боюнча жети келишимге кол коюу менен жыйынтыкталды:

-Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен «Бетон кенеп» ишканасынын ортосундагы геосинтетикалык цемент композиттик маттарын өндүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу;

-Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен SRK Consulting (UK) Limited компаниясынын ортосунда,

-«Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен Metso (Финляндия) OY ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум,
-Кыргызалтын ачык акционердик коому менен Metso (Финляндия) OY ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум

-“Кыргызалтын” ААКсы менен “Юань Кун” ЖЧКсынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум

-«Кыргызалтын» ААК менен Intertech Process Technology Inc (АКШ) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум

-“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы менен Синьцзян Шунчжэн Ванадий Титан Технолоджи Ко., Лтд. ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.

Кол коюу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Б.Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Тургунбаев катышты.

Белгилей кетсек, бул кол коюлган документтер өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө жаңы импульс болот.