Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көл көлүнүн экологиясын коргоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды
15-июнь 2026, 08:56
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көл көлүнүн экологиясын коргоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды.
Сапардын жүрүшүндө Президенттин Жарлыгында каралган иш-чаралардын аткарылышына мониторинг жүргүзүлүп, ошондой эле туристтик жана коммуналдык инфраструктура объектилери текшерилди. Жайкы туристтик сезонго карата пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн жана башка жайгаштыруу объектилеринин даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар жана катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу объектилери текшерүүгө алынган. Анан жүрүшүндө тазалоочу курулмаларды модернизациялоо жана натыйжалуу пайдалануу, аймактардын санитардык абалы, калдыктарды башкаруу системасын уюштуруу, ошондой эле таштанды полигондорун экологиялык талаптарга ылайык келтирүү маселелери талкууланды.
Министрлик Ысык-Көл көлүнүн уникалдуу экосистемасын сактоого жана аймактын экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган жаратылышты коргоо иш-чараларынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча иштерди улантууда.